Сүйүү, бири-бирин сүйгөндүк, берилгендик. Ашыктыктан ырдасам Уяласың, Мырзайым (Барпы). к. ашыглык.
1. Көптүк, артык баштык. Дагы миңдеген баш мал жайылса да, ашыктык кылбай турган кенен жайлоо экен («Ала-Тоо»). 2. Орунсуздук, ылайык келбегендик. Ашыктык кылбаса, агатай, иниңиздин бул сөзүн көңүлүңүзгө сактарсыз («Ала-Тоо»).